Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну талап кылып сотко арыз жазды. Маалыматты SUPER.KG'ге Сооронкулова өзү тастыктады.
Анын айтымында, Жапаровдун президенттикке ат салышууга укугу жок.
"Конституцияда "президенттин милдетин аткарган адам талапкер боло албайт" деп ачык жазылган. Шайлоо октябрь айынын аягында дайындалганы менен, Садыр Жапаров 14-ноябрда гана президенттин милдетин аткарууну токтотту. Мындан сырткары премьер-министрлик кызматын толук тапшырган жок. Убактылуу гана токтотту. Буга байланыштуу Бишкектин админстративдик сотуна арыз жаздым", - деди Сооронкулова.
Мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоо келерки жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда.