Жалал-Абадда "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сабаган жаран изделип, сотко чейинки тергөө башталды

Бүгүн, 24-декабрь күнү "Жалал-Абад Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова белгисиз адам тарабынан сабалганы кабарланган. Анда жабырлануучуну таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткендиги айтылган.

Аталган окуя боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"24-декабрда таңкы саат 04:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндө "Тазалык" ишканасынын жумушчусу М.Хакимованы кебетеси азиялык болгон 25-30 жаштардагы жаран уруп, окуя болгон жерден качып кеткени кабарланган.

Жабырлануучу арыз жазып, топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда шектүүнү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан