Баткен облусунун аймагында күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 26-декабрда Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. ӨКМнын маалыматына ылайык, жер титирөө саат 16:28де байкалган.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Boru-89
2020-12-26 18:28:17
Ошто канча болду экен?каттуу титиреди бирок.
0
Kyrgyz_bloger
2020-12-26 18:32:02
Таш-Комур шаарында деле титиреди го,Баткенден анча эле алыс
0
Mubarak
2020-12-26 18:36:11
Мен сыртта болчумун бешикте балам бар еле уйдо.зылзала карабай уйго чуркапмын.ене бала учун таяр екениге ынандым
0
Shabi
2020-12-26 19:53:36
Mubarak,кандай суйлосонор ошондой бойдон жазгансынар го,зылзала,таяр деп.
+1
Beka1986
2020-12-26 18:41:31
Жалалабатта да титиреди
0
Argenz
2020-12-26 19:07:49
Биздеда титиреди Тоомоюнда. Кудайсактасын!, Качып чыктык сыртка.
0
Waiyrbek
2020-12-26 19:25:59
Катуу болду аябай бизде
0
Kari
2020-12-26 20:29:21
Оа,каттуу титиреди,отурган жерибизде катып отуруп калдык.Кудай сактасын боодо кырсыктан.Этажда тушконго болбой калды сыртка.
0
nursiyanur
2020-12-26 23:04:00
Ошто да титиреди
0
Kaninaiman
2020-12-27 00:21:21
Жаны бак айылында да титиреди,Аллахым озун тилсиз жоодон сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан