Колу-буту скотчтолуп, асылган абалда табылган маркумдун атасы: "Экспертизанын алдын-ала жыйынтыгы суицид деп чыкты"

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу "Тёплые ключи" санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган маркумга даярдалган соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу маркум баланын атасы Өмүрбек Жумабаевге байланышканыбызда билдирди.

"Алдын-ала жыйынтык боюнча суицид деп чыгыптыр. Бирок мен экспертизанын жыйынтыгы менен өзүм тааныша элекмин. Тергөөчү гана айтты", - деди Жумабаев.

Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы азырынча экспертиза чыга электигин дагы да маалыматты тактап көрөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2021-01-06 11:39:51
Ана акыйкаттык силерге, если Садыр адам болгондо оз козомолуно алып тиешелуу органдарга куноолуулорду таптырып жазасын бердирмек.
-1
aksy.1989
2021-01-06 11:43:46
bond02,азыр Садыр көзөмөлүнө ала албайт . Президент болуп шайланса анан алат болуш керек
-2
bond02
2021-01-06 11:57:18
aksy.1989,ушул окуя болгондо Садыр президенттин милдетин аткаруучу болчу.
+4
Mister-XXX
2021-01-06 18:20:39
bond02,Садыр президент боло элек го.Сен тууган Садырдан кийинки келе турган президентти күнөөлөсөң деле сага жараша берет.
-2
Aimani
2021-01-06 11:42:03
Эксперттер чын эле суицид деп чыгарса беттери жок экен.Колу буту скочтолуп турса кантип суицид кылат.кайсы келесоо ишенет ушуга
+9
Nina.alex
2021-01-06 16:29:50
Aimani,скотчтолуп да ещё байланып турган колдору
+4
Barsbek02
2021-01-06 12:01:14
Бизде башын кесип ары ыргытып жиберсе да муну маркум өзү кылган "суицид" деп экспертиза чыгат
+13
Bdastan
2021-01-06 12:19:27
Колу бутун оозун скочтоп алып кантип кантип асынды?! эксперттер силердин мээнер нормально элеби ?!
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан