Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунда болууда. Артисттин долбооруна конок катары катышкан шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.

Ырчы мырзанын чуулгандуу долбоорунун эң алгачкы коногу шоумен Манас Алыкулов болгон. Алпаруучу долбоор тууралуу буларды айтат. "Курал Чокоев менен жолдошпуз. Долбоордун максаты тууралуу билгем, билип эле баргам. Бирок видеону монтаждаганда көп учурлар алынбай калган".

Кезектеги маек төргө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев келген.
"Видеону жакшылап карасаңар, анда мен ойду-келди сүйлөгөн эмесмин. Болгону аягында роль аткарып, сөгүнүп койгом. Мен долбоорго тартылууга бара жатканда мынчалык экенин билген эмесмин. Ошол үчүн кечирим сурайм. Курал Чокоевге видеону өчүрүп коюусун айттым. Видео өчүрүлөт. Мен араңыздардан жеке бирөөнү сөккөн жокмун. Эч бир адамдын аброюна шек келтирген жокмун", - дейт ал.

Ал эми Кайрат Кыргыз долбоордун мааниси жок болуп калганын айтат. "Курал Чокоев экөөбүз сүйлөшүп, тамашалашып эле жүрөбүз. Мага тамашалуу долбоор деп айтканынан баргам. Баргандан кийин Куралдан тышкары 3 жигит да бар экен. Анда ар кандай темада сөз болду. Долбоорго теңтуштарды чакырса болмок, анткени бирдей курактагылардын темасы окшош. Менин жашым туура келбей калат экен. Мен Куралга маанисиз болуп калганын айттым", - деди ал.
Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.
Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген.
Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын жарыялашты. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты.