Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук телеканалдын журналисти асынып алды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG'ге билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-январга караган түнү болжол менен саат 00:00 чамасында болгон. Каракол шаардык милициясына "Тез жардам" кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1991-жылы төрөлгөн облустук телеканалдын журналисти Б.Г. аттуу кыздын Каракол шаарындагы үйүнүн сарайына асынып алгандыгы тууралуу айтылган.
Учурда аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Дагы кошумча маалымат бериле тургандыгы айтылды.