"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллиондон ашты

Бүгүн, 18-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 95 миллион 3 миң 533 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 52 миллион 269 миң 644 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 29 миң 938 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 23 миллион 928 миң 643 болду. 397 миң 532 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 557 миң 985 адамдан аныкталды. 152 миң 274 адам каза болсо, 10 миллион 196 миң 885 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 488 миң 99 адам вируска кабылган. 209 миң 847 бейтап көз жумса, 7 миллион 507 миң 814 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан