Депутат Нышанов: "Мен 3 жолку чакырылышта депутат болдум, бирок 200 миң сом эмгек өргүү эч качан алган эмесмин"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов эмгек өргүүгө эч кандай 200-300 миң сом берилбей турганын SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда маек берип жатып билдирди.

"Мен 3 жолку чакырылышта депутат болдум, бирок 200 миң сом эмгек өргүү эч качан алган эмесмин. Ал жок нерсе. Алса генералдар алышы мүмкүн же спикер болгондор. Ал эми орто депутаттардыкы ал акчанын жарымына жетиши мүмкүн.

Депутаттын айлыгы 25 миң сом. Анан ар бир депутаттын иш тажрыйбасы дагы каралат. Мисалы мен 36 миң 500 сом айлык алам. Ал эми жаш депутаттардыкы 28-30 миң сом болсо керек", - деди Нышанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан