Нарын облусунун Кочкор районунда 22 жаштагы келинди өлтүрдү делген шектүү Оштон кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Кочкордун Тынай-Булак участкасынан 23-январь күнү сарайдан каза болгон келиндин жансыз денеси табылган.
"Маркумдун бети, башынын маңдайкы жана денесинин көкүрөгүндө, буттарында күч колдонулган көк ала тактар бар экени белгилүү болгон. Жансыз дененин аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К. экендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Милиция шектүүнү Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан, Бишкек шаарынан издешкен. Издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Ноокат районунан кылмышка шектүү кармалган. Ал Баткен облусунун тургуну 1995-жылы туулган М.И. аттуу жаран болгон", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.