Менин жерим: Аты кеткен далайга, куш келипсиз Алайга! Дары сууларга келип, шыпаа таап кетиңиз

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусундагы Алай районунун Жошолу айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл кооз жаратылышы жана дары cуулары менен даңкталып келет.

Айыл тууралуу бизге Орусиянын Тыва жергесинде жашаган Уулкан Капарова айтып берди. Ал айылынан акыркы 7-8 жылдан бери алыста жүргөндүктөн, айылын бир чети сагыныч, бир чети сыймык менен баяндап бергиси келгенин айтат.

- Ош облусуна караштуу Алай районунун Жошолу айыл өкмөтү жети айылдан турат. Айылда үч жарым миң түтүн жашайт. Айылдын өзгөчөлүгү анын табиятынын кооздугунда. Ак кайыңдар көп өскөндүктөн, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде тартылган "Акбаранын көз жашы" фильми аталган айылда тартылган.
Айылга Кыргыз жеринин жети дубанынан жана башка мамлекеттерден коноктор көп келет. Кыз-келиндер ар кандай буюм тайымдарды жасоо менен бирге чет элден келген туристтерге сатуу менен алектенишет. Айылдын дагы бир касиети - дары суулары. Дардаң-Көл, Айгыр-Булак, Мазар-Көл деген дары суулар бар. Аларга ар кандай оорулар менен келген адамдар шыпаа таап, ырымдап дарыланышат.

Жошолу айылынын тоолору бийик жана карагайларга бай. Андыктан бул жакка келген коноктор жаратылышка суктанып бүтүшпөйт.

"Менин айылымда асфальтталган жол, бөтөн көздөн сактаган чеби, кечкисин жарыгы, күндүзү атайын кайтарган кароолуу жок. Бирок коктунун ичине 8 миң адамды батырган айылымда көк шибер талаасы, топуракта тапталган көчөсү, жаштардын жаңырган ыры, айдын тийген жарыгы бар. Айылдын берекеси тоолордо, чаң учурган шамалда жана барга да, жокко да топук кылган элинде. Сенден бир канча алыс болсом дагы сенин таза абаң, көк кашка сууң мени жакшылыктарга, кайрылып сенин кучагыңда болууга үмүт берип келет", - деген алыста жүргөн Уулкан Капарова айылына болгон сагынычын арнап алды.

Айылдын тургундары дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айылда 5 мектеп, 2 ФАП, 3 спорт зал, 1 маданият үйү жана 3 бала бакча бар. Айылдын эли сабырдуу жана жөнөкөй.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

“Менин жерим": Аты кеткен далайга, куш келипсиз Алайга!
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
azia9393
2018-05-15 09:52:46
Алайым... Сагындым...
+4
aralbek
2018-05-16 10:25:24
azia9393эн башкысы таза кыргызча суйлошот экен анан жанагы кара-суу районунда создорунун жартысы эле озбекче экен го,
+2
Azat.97
2018-05-15 10:43:41
Чындыгында кооз айыл экен.Куйоо бала болуп алсамбы?Негизи эле Кыргызстанымдын 7 областы тен керемет.
+10
Samina007
2018-05-15 10:59:41
Azat.97,күйөө бала болгуң келсе жошолунун баш жагынан үйлөнбө.Кырнайза деген жеринен өтүшүң кыйын.Ал жердин жашоочулары тее союз мезгилинен бери бөтөн элге кыз беришин жактыра бербейт
0
Blackmoon
2018-05-15 14:43:01
Azat.97,эч кыжаалат болбой Жошолунун баш жагына күйөө бала боло бер. Жошолунун эң кооз жери ошол жакта. Көрө албагандар жаза беришет.
+4
Samina007
2018-05-15 11:02:05
Эки жеңелүү болгом,чоңу кара токту айылынан экинчиси коммунизмден.
+1
uran98
2018-05-16 11:35:50
Samina007,Кара токтудан болом мен аты ким жеңеңиздин
0
bond02
2018-05-15 11:03:25
чындап эле озгочо айыл экен чопту жигулиге жуктоп алган.
+1
mega777
2018-05-15 12:16:39
Жошолу айылы чындап кооз жер.Окуучулар учун лагерь бар болчу.Ошол лагердин акыркы доорлоруна илешип калганбыз.
+1
ozgeldi
2018-05-15 14:41:20
Жаны-Турмуштан болом Ошол Базарбайды учура аткан жердеги уй дагы деле бар
+4
aika2015
2018-05-16 00:22:34
Алайдын кыздары тын болот,балдары балбан болот.
+3
Djal1987
2018-05-16 03:00:51
Алай деген создун озу эле авторитет. Алайдын эли жакшы сапаттары менен айрымаланып турушат башкалардан. Берээрге ашын таппай жол журуп бараткан машинелер бузулуп калса жургунчулоруно тамак беришет очередтешип.Таштап коюшпайт. Ичинде кирлери жок берешен, чыныгы кыргыздар болушат. Кыздары да уй турмушуна жумушуна тын болушат. Айран кымыз сут эт каймак сары май чучук таза суу булактары коп болот. Эшиктен келген конокко чын дилинен жакшы мамиле кылышат. Хитрый калк эмес.ак конулдор.
+5
Jyluusuu1991
2018-05-16 08:12:57
Чындыгында Жошолу абдан кооз айыл. Алдагы суроттордун арасында биздин Жылуусуу айылынын жайлосунун суротторун кошуп койуптур
0
amirrus
2018-05-16 08:58:32
Алайга барсан кой соет
Колунда жилик койкоет
+3
uran98
2018-05-16 11:37:39
Ох менин бала чагым ушул жерде өттү Жошолунун так ортосунан
Кооз жерлер көп админ рахмат
+1
Samina007
2018-05-16 19:34:09
Ааламга жол Алайдан башталат :)
+1
meku89
2018-05-17 00:16:25
Мен коруп билген Алайлыктар ото жонокой, кыргыз тилинде да так суйлогон элдер. Озбекче кошкон сенямдары жок. Бар болгула урматтуу Алай эли. Жеринер да ото кооз экен. Буюрса барып коробуз деген ниеттебиз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан