Менин жерим: Бир уйдан 20 литр сүт алып, сыры чет өлкөдө сатылган, булагынан жайында муздак, кышында ысык суу чыккан Жылуу-Булак айылы тууралуу баян

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл угуп, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылы тууралуу сөз болот. Кышкысын жылуу, жайкысын муздак суу аккан булактын атынан аталган Жылуу-Булак айылы тууралуу студент Гүлнура Турсунбаева айтып берди.

"Биздин айыл Түп районунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алгач бул айыл токойдун атынан улам Тегиз деп аталган. 1924-жылы эл отурукташып калгандан кийин Жылуу-Булак деп аталган. Айылыбыздын дагы бир аты - Тешик-Таш. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аттын өзгөчө сыры бар. Тешик-Таш Манас баатырдын учурунда пайда болгон дешет. Анда жоокерлер жоодон сактануу максатында таштын бетин оюп жасашкан. Айылда алгачкы болуш Жакыпбек Кошкеев аттуу жаран болгон. Ал казак-кыргыз жыйынына өкүл болуп барган. Ал эми Ысык-Көлдөгү 7 акенин бири Карач аке, 5 баатырдын бири болгон Өмүр баатыр чыккан. Алардын айкелдери 2010-жылы айылга тургузулуп, мектепке Өмүр баатырдын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле акын, сатирик Жолочу Рысбаев, жазуучу, драматург, журналист Сыдык Карачев, дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Султангазы Орозбеков сыяктуу чыгаан инсандар чыккан.

Айылда 1996-жылдан бери "Сүт-Булак" заводу иштейт. Ал айылдын 30 адамын иш менен камсыз кылат. Завод сыр жана ар кандай сүт азыктарын чыгарат. Бул завод негизинен Швейцарияга карайт. Мындан улам дээрлик айыл эли саан уйларды багып, заводго сүт өткөрүшөт. Биздин сүт майлуу жана эч кошулмасыз болгондуктан жакшы бааланат. Ар бир жашоочу күнүнө орто эсеп менен 10 литрден 40 литрге чейин сүт сатышат. Бизде жасалган сырлар көбүн эсе Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө экспорттолгондуктан өзүбүздүн дүкөндөрдө жокко эсе. Мисалы, мен Бишкектин көп дүкөндөрүнөн биздин сырды таппай койгом", - дейт Турсунбаева.

Айыл эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Жазында арпа, буудай эгилип, картошка айдалат. Жылуу-Булак айылы кышында суук келип, жайда салкын.

Айылдын аты Кайнар булак менен чыгып келген. Аталган булак тоонун боорунан чыгып, бирок суу кайдан чыкканы белгисиз. Булактын өзгөчөлүгү кышкысын жылуу болуп буу чыкса, жайда суу муздак болот жана дарылык касиети да бар. Булакты көрүү үчүн борбордон, ар тараптан коноктор келип турушат.

Айылда мектеп, бала бакча жана фельдшердик-акушердик пункт бар. Болжолдуу 400дөн ашык түтүн жашайт. Айылдын жаштары спорт менен машыгышат. Жакында эле биздин мектептин 2 окуучусу Бишкекте өткөн кулатуу боюнча Евразия чемпиондугунда 2 алтын, 3 коло медалды утуп келишти. Болгону айылда маданият үйү жок. Бирок келечекте салынат деген пландар бар экенин айыл эли айтып келишет.

"Мен айылымдын фанатымын, жерим үчүн келечекте көп нерсе кылгым келет. Башкаларды билбейм, бирок туулган жеримди башкача жакшы көрөм. Айылымдан алыс чыкканда дайыма куса болом. "Туулган жердин топурагы алтын" дегенге кошулам. Келген сайын айылымды сүрөткө тартып, гүлүн жыттап, абасына моокум кандыра дем алып кетем. Ал гана эмес, айылымдын адамдары башкача. Өз ара ынтымактуу, жакшылык-жамандыкта бир кол болуп бириге калып, көп турмушту кечиришти. Айылды көрккө чыгарган шайыр апалар бар. Алар ар кандай сынактарга барып катышып жүрүшөт", - деп баяндады Гүлнура Турсунбаева.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAPAGAT
2019-04-05 12:00:45
Айылыныздар кооз экен.
0
Anaraalieva
2019-04-05 14:15:45
Айылымды сагындым(((((((((((((((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан