5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж экенин жарыялаганбыз. Ал эртең Түркия мамлекетине учуп кетет. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Султан Каримовго каржылык жактан колдоо иретинде 10-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кайрымдуулук концерти өткөрүлөт.