
Нарында бир адамды атып кетишти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 6-февралда саат 20:40 чамасында милиция бөлүмүнө Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүнөн бир адамды атып кетишти деген маалымат келип түшкөн.
"Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Ал эми анын өлүмүнө шектелген жарандарды аныктоо, окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Буга чейин порталыбызга өздүк булактар Нарын шаарында ок атышуу болуп, анын кесепетинен бир адам каза болгонун
билдирген.