Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: "Шаардык кеңештин депутаттарын мен тартипке келтире албайм"

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда конокто болду. Ал "депутаттардын жыйынга чогулушу чоң түйшүк" деп сындагандар боюнча суроого жооп берди.

"Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жөнөкөй эле депутат. Мен аларга жетекчи эмесмин. Алып баруучумун. Алар менен менин укуктарым бир. Чакырабыз, сүйлөшөбүз макул дешет. Бул эмне себептен болуп калды? Бул бийликтин туруксуздугунан болуп калды го. Биз 4 жылдын ичинде 3 мэр менен иштешип калдык, бул абдан начар көрүнүш . 3 төрага болду. Көпчүлүк коалиция 3 жолу өзгөрүлдү. Төртүнчүнү декабрь айында түздүк. Мамилебиз начарлап калган, бири-бирибизди укпай калганбыз. Атаандашуу, көрө албастык деген бар. Мен, мен деген кесиптештер бар. Тартипке келтире албайм. Ноябрь-декабрь айында 3 жолу чогулта алган жокпуз. Маалымат каражаттары дагы бул боюнча талкуулашты", - деди Абиров.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: "Жаш жетекчилерди улуу ага, эжелер тоготпой коёт"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан