Ош облусунун Алай районунда 25 жаштагы келин үйүнүн короосунда асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Алай районунун Курманжан Датка айылынын 53 жаштагы тургуну телефон чалып, 25 жаштагы келини үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугун кабарлаган.
Окуя болгон жерге Алай РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан.
"7-февраль күнү саат 09:30 чамасында 25 жаштагы А. к. Г. үйүнүн короосундагы сарайда өзүн-өзү аркан жип менен асып, окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун жансыз денесине Алай райондук ооруканасында кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Топтолгон материалдар Алай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.