Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
"Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бактыбек Кудайбергенов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Ысык-Ата районунун акими болуп иштеген.
Кечээ, 9-февралда Бишкек мэриясына Эрмек Нургазиев жетекчи болгондугу кабарланган. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевдин мэр болуп келишине каршы пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.