Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.
9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Кадрлар ылайыктуу келиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов кадрларды саат сайын алмаштыруу бийликтин аброюна шек келтире турганын айтты.
"Президенттин минтип айтканы туура эмес. Бир кадрды дайындоодо анализдерди жүргүзүп, атайын кызматтардан маалыматтарды алыш керек. Анан шашпай анализденгенден кийин аны кызматка коюш керек. Бул оюнчук эмес да. Мамлекеттик мамиле деген болот. Мындай көрүнүш президенттин бийликтеги тажрыйбасынын жоктугунан болуп жатат. Саат сайын кадрларды алмаштыруу бийликтин аброюна шек келтирет", - деди ал.