Кара-Кулжа районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жардан кулап кетти. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду (1961-жылы туулан Т.А. аттуу эркек киши, 1974-жылы туулган С.Н. аттуу аял киши жана 2019-жылы туулган А.Э. аттуу бала). Жерине Кара-Кулжа райондун 3 куткаруучусу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.