Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жашар кызды үч өспүрүм кезеги менен зордуктаганбы? Милициянын жообу

Бишкек шаарында 15 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (дудук жана дүлөй) кызды кезеги менен 3 өспүрүм зордуктаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон. Зордукталды делген 15 жаштагы кыз шаардагы дүлөйлөр жана дудуктар үчүн атайын мектепте окуйт.

Жактоочуга кыздын апасы кайрылып, кызын башка дүлөй жана дудуктар мектебинен сүйлөө жөндөмдүүлүктөрү начар балдар зордукташканын айтып берген.

"Алардын экөө 17 жашта, бирөө 18де. Окуя кыздын апасы жумушта кезинде анын үйүндө болгон. Ал эми апасы кызын жалгыз тарбиялап келет. Зордуктаган балдардын тарбиячысы кызды бул туурасында эч кимге айтпа деп коркутуп, "эгер айтсаң апаңа жана сага жаман болот деп" жатканы тууралуу видеолор бар.

Бул окуя боюнча кыздын апасы Свердлов РИИБине ноябрь айында арыз менен кайрылган. Тергөөчү үйдөн булганган шейшепти алып кеткен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок", - деп билдирди жактоочу.

Бул фактыны тактоо максатында SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББине кайрылганда, бул маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

2020-жылдын 23-ноябрь күнү Свердлов РИИБине Г.И. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 17-августунда 2005-жылы туулган кызын үйүнөн белгисиз жарандар зордуктап, из жашырып качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене "зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шаардык мектептин окуучулары менен сүйлөшүшкөн. Анда 2004-жылы туулган А.Э., Б.Б. жана 2003-жылы туулган И.А. аттуу балдар бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдиришкен. Ошондой эле экспертизанын корутундусуна ылайык, кызда кош бойлуулук жана жыныстык кындын бузулуусу табылган эмес.

Мындан сырткары, окуя болгон жерди текшерүү учурунда табылган шейшептердин соттук-биологиялык экспертизасы алардан биологиялык калдыктар табылбагандыгын көрсөттү. Ошондой эле жабырлануучунун психикалык абалын текшерүү үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, бирок ушул күнгө чейин арыз ээси жана анын кызы белгисиз себептерден улам дайындалган экспертизага келишкен жок", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жашар кызды үч өспүрүм зордукташкан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-02-22 18:37:39
Эмне дешти билбейсин, ар бирибизде бала бар. Кудайым өзү сактасын.
+1
bond02
2021-02-22 21:08:35
Тергоочу ушул кунго чейин шейшепти жууй албай жаткан го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан