SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы, улук инспектор Кубанычбек Камчибеков айтып берет.
"Көпчүлүккө белгилүү болгондой, бир кездерде интернет желесинде "көк кит" деген оюн чыгып, элди дүрбөлөңгө салган. Буга чейин социалдык тармактар менен тыгыз иштеп калгандыктан, бул оюндун администратору ким, дегеле бул оюн барбы, каяктан тарап баштады деген өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн изилдеп баштадым. Анда өзүңүздөр билгендей, бул оюн өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатканы айтылат. Ошентип изилдеп отуруп 2 күндүн ичинде бул нерсени таратып жаткан адамды тапканбыз. Анда өспүрүмдөр өздөрү менен өздөрү эле "көк киттин" атын жамынып алып, бири-бирине жөнөтүп жүргөндөрү далилденген. Алгач бул оюнду таратып баштаган окуучу кыз болуп чыккан. Жыйынтыгында, расмий түрдө "көк кит" оюну жок экенин, аны өспүрүмдөр өздөрү эле жашыруун номер менен бири-бирин коркутуп, чалып жүргөнүн аныктаганбыз", - деп эстеди ал.
"Мен үчүн милициядагы жумуштун эң бир жоопкерчилиги бул - улуттук коопсуздукту сактап, коргоо бардыгынан бийик турат. Күндөрдүн биринде Сирияга кетүү үчүн даярданып жаткан топту аныктап калдым. Тиешелүү кызматка бул тууралуу билдирип, 1 жарым ай иликтедик. Ошентип алар аэропорттон кетип жаткан жеринен кармалышкан. Ал кезде мен маалымат катчы болуп иштегениме байланыштуу тийиштүү маалыматтарды ыкчам тергөө тобуна берип тургам. Ошондон бери социалдык тармакта болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөп келем. Анын ичинде фейк аккаунттар, жалган маалыматтар ким аркылуу каяктан тарайт деген суроолорго жооп алам", - дейт ал.
Каарманым шоу-бизнес чөйрөсүнөн укук коргоо органдарына кандайча келип калганын дагы кошумчалады.
"Менин милицияга жумушка кандайча келип калганым өзү дагы кызыктуу. Студент болуп жүргөн жылдары радиого сынак болуп, өтүп кеткем. Ошентип алып баруучу болуп иштеп калдым. Алгач кыргызча берүүнү биз алып чыкканбыз. Ошентип студенттер арасында жылдыз болгонбуз, жылдыз оорусу менен ооруп да калдым (күлүп). Ал кезде алып баруучулар деле хит болчу да. Тамада болуп, ырдап дагы жүрдүм.
Ошол учурда жаңы чыгып келе жаткан ырчылар Темир Назаров, KG Элмурат, Замир Мырза, Жеңиш Айтиев, Жумагүл Райымжан кызы жана башка бир катар ырчылар менен тыгыз иштешип, алардын калыптануусуна аз да болсо салымымды кошком. Анын ичинен багыт берип, чагардым деген ырчы Даниел. Аны тойлорго алып барып, элге алып чыгып жүргөндө продюсер Канат Култаев сунуш кылып алып кеткен. Даниелдей болгон баланы өстүрүп чыгарганыбызга эч өкүнбөйм. Ошентип жүрүп өзүм кичинемден кызыгып жүргөн кесибиме келип иштеп калдым", - дейт улук инспектор Кубанычбек Камчибеков.