SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу кызыктуу баянды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Мирлан Курманбеков айтып берет. Ал 1986-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында туулган. Учурда ага лейтенант. Кызматын 2013-жылы күзөт бөлүмүнөн баштаган.
Ал ошол окуяны төмөнкүчө эскерет.
"2016-жылы кызматыбызды өтөп, түнкү нөөмөттө иштеп жатканбыз. Болжол менен саат түнкү 00:00 чамасында "кол салуу" менен кармалгандар түрмөдөн качты деп кабар беришти. Чүйдүн Ленин деген айылында кызматта болгондуктан, биз бардык унааларды бирден карап өткөрүп жаттык. Тойота үлгүсүндөгү унаа деп ориентировка келген. Көп узабай эле бир унаа катуу ылдамдыкта Кордай тарапка өтүп кетти. Шек жаратканын байкап, артынан куудук. Артынан барып, сигнал берсек токточудай эмес. Алар ылдамдыкты болушунча басып айдап бара жатышты.
Биз улам унаанын алдына чыгабыз, буйтайт, кайра алдына чыгабыз, кайра буйтайт. Ошентип отуруп туюк көчөгө кептелдик. Унаадан экөө түштү. Ага чейинки алган маалымат менен булар түрмөдөн качкан адамдар болуп чыгышты. Бирөөсүнүн колунда балта бар экен. Унааны Алтынбек Итибаев башкарып бара жатыптыр. Алар кесиптешим экөөбүзгө кол салууга аракет кылгандыктан эскертүү максатында асманга ок чыгардым. Бирок алар аны тоготуп дагы койгон жок. Кайра жерге атып көрдүм, корккон да жок. Аларды атып салсаң деле баары бир болчу. Өзүмдөн кара тер чыгып кетти. Ошону менен экөө качты, унаадагы калган бешөөнү кармап калдым. Биз качып кеткендерди унаага салып токтото албайт элек. Алар баарына даяр болчу.
Башында бизге кол салуу боюнча кармалгандар качты деп маалымат берилген. Эгер ошондо эле оор кылмыш жасагандар качты деген туура, так маалымат келсе, аларды атып салууга мыйзам жол бермек. Болбосо жеңил берене менен соттолгондорду атып салууга болбойт, биз кайра өзүбүз жооп берип калышыбыз мүмкүн эле.
Ошентип экөө качып кетти, бешөөнү кармап калдык. Ал эми берки
Эдил Абдрахманов менен дагы бир жаран унаада болгон эмес. Алар унаага батпай калышканбы же башка жакка кетишкенби белгисиз.
Каарманымдын мурдагы фамилиясы Бакиев Мирлан Курманбекович болгону үчүн убагында ушул кылган иши үчүн сыйлык берилбей калганын айтат.
"Мага бардык жетекчилерим фамилияң үчүн сыйлык берилбейт деп айтышкан. Мен эч нерсе кыла албай калдым. Ал эми кесиптешим болсо президенттен Ардак грамота алды. Бирок менин Курманбек Бакиевге эч кандай жакындыгым да, тууганчылыгым да жок. Болбосо ошол адамдарды эки кызматкер кармаганбыз. Бирок мен сыйлык албай калдым. Андан кийин фамилиямды дагы өзгөрттүм. Анткени көп жерде кесепети тийип калып жатты. Бирок 6 жылга чейин сыйлык бериле берет деп турат. Балким, азыркы бийлик көрүп, берип калар (күлүп)", - деди Курманбеков.