Мен көргөн бир күн: "...Мындай учурларда өзүңдү күнөөлүү сезип, жүрөгүң сыгылып кетет"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын суучул-нускоочу, прапорщик Жалил Солпуев айтып берет.
Солпуев Жалил 1989-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө эки бир туугандын экинчиси. Учурда үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. 6 жылдан бери ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгындагы куткаруу кызматында эмгектенет.
Куткаруучу өлүм менен өмүргө арачы болгон улуу кесип. Күн сайын жумушка келгенде кырсык болбосо экен деп тиленем. Тилекке каршы, орду толгус жоготуулар, кыйроолор менен коштолгон кырсыктар орун алып келет. Ошентсе да материалдык чыгымдан да, адам өмүрү башкы байлык жана куткаруучуга тапшырылган аманат! Бул учурда куткаруучунун негизги милдети өзүнүн коопсуздугун камсыздандыруу. Себеби куткаруучу өзү жабыркаса адамдарга жардам көрсөтө албай калат. Ошондуктан кандай гана оор кырдаал болбосун куткаруучунун жанында керектүү шаймандары болуп, тийиштүү кесиптик көндүмдөрдү милдеттүү түрдө билиши зарыл.
Пандемия биз үчүн оор кырдаал болду десем жаңылышпайм. Себеби тынымы жок күзөттөргө (постторго) туруп жаттык. Обсервациядагыларга маал-маалы менен тамак-аш жеткирип турдук. Эл көп чогулган жерлерде түшүндүрүү иштери менен бирге дезинфекция жүргүзүп жаттык. Жакынын жоготуп, Кудайга үнү жеткендерди көрүп жүрөгүң сыздайт. Көбүнчө адамдар ашыкча эле дүрбөлөңгө түшүшөт. Бул биздин ишти кыйла татаалдатат. Кээде жумушуңду аткарып жатканда өтүп бараткандардын көз карашы, алардын акыл үйрөткөнү да болбой койбойт. Ошондуктан жарандарды сабырдуулукка чакырат элем.
Бир окуя эч эсимден кетпейт. Бизге үч жаштагы бала септикке түшүп кетти деп чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке дароо жетип бардык. Септикти ачып, ал баланы издеп алып чыкканбызда, бөбөк эчак чарчап калыптыр. Мындай учурларда өзүңдү күнөөлүү сезип, жүрөгүң сыгылып кетет... Аздан соң каза болгон баланын чоң атасы бизди өлүктү жуу зыйнатын кылууга жардам сурап калды. Биз анын суранычын четке какпай, колдон келген жардамыбызды көрсөтүп баштадык. Бир учурда жанымда турган фельдшердин көзүнөн жаш тынбай ага баштады. Анын ошол курактагы баласы бар эле. Аны көрүп мен да токтоно албай ыйлай бердим. Албетте, ата-эне үчүн баланын амандыгы башкы бакыт эмеспи. Тилегеним өмүрүн толук жашабай, бейкүнөө кеткен наристелер кырсыктан тышкары, бактылуу балалыкты башынан өткөрүп жашаса экен.
Ар бир чакырууда ийгиликтүү аткарылган иш үчүн ыраазычылык сөздөрдү угабыз. Биздин кылган эмгегибизди баалап, өздөрүнүн ак батасын беришсе, андан бетер сүйүнүп калабыз. Чынында жөн гана, жан дүйнөдөн айтылган жылуу сөз адамды бир кыйла кубандырып, шыктандырат эмеспи. Ишимдин артынан адамдар менен таанышып, дос күттүм, кадыр-баркка ээ болдум. Аны менен бирге бир катар сыйлыктарды: "Сууда чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн", "II даражадагы мыкты аскердик кызматы үчүн", 4170 метр бийиктиктеги “Комсомолец” чокусун багындырганы үчүн "Кыргызстандын альпинисти медалы" жана министрликтин, мэриянын ардак грамоталары менен сыйландым. Ишимди баалаган жетекчиликке ыраазычылык. Бул биздей катардагы кызматкерлер үчүн чоң стимул.
Кыргыз элимди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм! Жергебизде тынчтык жана бейкуттук болсун. Биринчиден Жаңы жыл күнү, дегеле кышында бизге чакыруулар көп түшөт. Ар кандай жардам сурап чалышат. Ошондуктан майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте жана даярдыкта турабыз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Afrodita1993
2021-12-16 14:50:12
Бир уулумдун атасы дейсинерби)))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан