Мен көргөн бир күн: "Таң эрте жумушта камыр ачыткы жоктугун көрүп, үйгө чуркап..."

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы мектепте 11 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенген Айсалкын Асанова жумуш учурундагы кызыктуу күндөрү менен бөлүшөт.

Айсалкын Асанова 39 жашта, үч баланы апасы. Бакай-Ата районундагы Боотерек айылында жашап, Д.Дүйшөбаев атындагы орто мектепте 11 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп келет. Ал жумушуна байланыштуу райондук, облустук конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгон. Алсак, 2014-жылы Бакай-Ата районундагы мектепте окуучуларга ысык тамак берүүгө арналган конкурста биринчи орунду багындырган. Былтыр, 2023-жылы облустук сынакта 2-орунду алып, Ардак грамотага ээ болгон. Медицина кызматкери болууну кыялданган Асанова турмуш шартка байланыштуу ашпозчулук кесипти аркалап калганын айтат.

2013-жылы мектепке ашпозчу болуп жумушка киргем. Ошондон бери ушул жакта иштеп жатам. Бизге ар кандай кыска курстар офлайн, онлай форматта өтүлүп турат. Ал жакта тамактардын технологиясы боюнча жаңы маалыматтарга ээ болобуз.

Балдар эки нөөмөт менен тамак ичет. Түшкө чейин 60 бала, түштөн кийин 60 балага тамак берилет. Апта ичинде 5 күн ысык тамак менен камсыз болушат. Мисалы, дүйшөмбүдө ботко, булочка берилсе, шейшемби шорпо болсо, башка күндөргө аш, макарон, гречка, котлет жана башка тамактарды беребиз. Бизге менюну райондук билим белим берүү башкармалыгынан бекитип беришет.

Мектептин көмөкчү чарбасы бар. Анда картошка, пияз, сабиз, кызылча өндүрүлөт. Мындан тышкары 2 гектар аянтка фасоль өстүрүлөт. Бир айда эки жолу эт, жумасына төрт жолу жумуртка (шорпо менен кошо берилет) жана эки тоок эти берилет, - дейт ал.

Жасап жаткан ишин жакшы көрөрүн айткан Асанова иштеген жылдар ичинде кабылган кызыктуу окуяларын мындайча баяндады.

"Таң эрте жумушта камыр ачыткы жоктугун көрүп, үйгө чуркап..."

– Кадимки эле жумуш күндөрдүн бири болчу. Адаттагыдай таң эрте ишке келип, жеткирүүчүлөрдөн азык-түлүктөрдү өткөрүп алгам. Баары эле толуктай көрүнгөн. Бир маалда камыр жуурайын деп ачыткы издеп таппай калдым. Көрсө, жеткирүүчүлөр калтырбай кетишкен экен. Дүкөнгө чуркайын десем таң эрте ачылбайт. Дароо үйгө чуркадым. Үйдөн ачыткы алып келип камыр ачыткам. Жеткирүүчүлөргө байланышып, абалды айтып берсем алар дагы күлүп, байкабай калышканын билдиришкен. Андан кийин ар бир азыкты кылдаттык менен өткөрүп алып калгам.

"Окуучулар "апа" деп чакырып калышат"

– Окуучуларга тамак берип жатканда кээ бирлери, көпчүлүгү 1-класстагылар үйүнө келгендей болушуп эле "апа, апа, мага бериңизчи" деп калышат. Күлүп калабыз аларды угуп. "Апа, сиздин наныңыз жагат" дешет. Үйлөрүнө барганда апаларына "мектептегидей нан жасабайсызбы" деп калышат экен. Айрым энелер чалып, рецепти сурап калышат.

"Печкадагы котлетим чачырап, окшошпой калганда"

– Жаңы жумушка кирген учурда фасолдон котлет жасагыла деп калышты. Аны көрсөтмөдө берилгендей жасоодо кыйналдым. Даяр азыкты печкага салсам чачырап окшошпой калды. Андан киийн китепчеде көрсөтүлгөн норма менен өзүмдүн рецебимди кошуп даярдап баштагам.

Дагы бир көп жыл мурун болгон окуя эсиме түштү. Айылдагы трансформатор күйүп кетип, жарык жок болуп калды. Балдарга тамак бериш керек. Тамакты го печкага бышырып алдык. Ал убакта күнүнө булочка берчүбүз. Аны кантебиз деп. Мектепке жакын жашаган тургундун үйүнө барып, печкага бышырып келгенбиз. Отту көп жагып алганыбыз үчүн бир аз карала-торала болуп калган. Бирок окуучулар жакшы көрүп жешкен. Бул абалдан ушундай жол менен чыкканбыз.

Окуучулар бардык тамактарды жакшы көрүп жешет. Бирок, кээде ар кими өзүнө жаккан тамактарды айтып, "качан жасайсыз?" деп сурап калышат" , - деп сөзүн жыйынтыктады Асанова.

Белгилей кетсек, 1-4-класстын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен күнүнө 14 сом бөлүнөт.

17.10.24
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан