"Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучусу кеңсесинде сабалды

"Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова кеңсесинде сабалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары гезиттин кызматкерлерине таянып жазышууда.

Анда кызматкер сабалып, кеңсенин ичи чачылып, компьютерлер сынган.

Ал эми жабыркаган башкы редактор учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде оор абалда жатат.

Бул боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда бул окуя тууралуу маалымат 16:30 чамасында келип түшкөнүн, жерине Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери барганын билдиришти.

Ал эми окуя боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан