Бүгүн, 25-февраль Бишкек шаарында “Мелис Аспековду коргоо” аталышында пресс-конференция өтүп жатат.
Иш-чара Мелис Аспековду коргоо комитети тарабынан уюштурулган. Анда резолюция кабыл алынып, президент Садыр Жапаровго кат жөнөтүлөт.
Колдоп келгендердин бири “Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков төмөнкүлөрдү билдирди.
“Бүгүнкү иш-чарага келгенибиздин себеби Мелис Аспековго кайдыгер карабай келдик. Анткени ал “Мекенчил” партиясын ачкан, астында тургандардан. Акыркы революцияга дагы чоң салым кошкон адам деп билебиз.
Мелис Аспековдун ишинин бардыгы адилеттүүлүк, мыйзамдуулук менен каралсын. Экинчиден, үй камагына чыгарылып, тергелсин. Анан сот мыйзамдуу чечим чыгарсын", - деди Жунусбеков.
Буга чейин жарандык активист Мелис Аспеков 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.