Бишкекте тойлорду, мааракелерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет

Бишкекте тойлорду, мааракелерди, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Айтымында, бүгүн республикалык штабдын жыйынында кандай чектөөлөр киргизилери кабыл алынат. "Чектөө киргизүү боюнча чечим бар, бир нече убакыттан кийин маалыматты жарыялайбыз", - деди министр.

Буга чейин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына, Чүй өрөөнүнө жана Ысык-Көл облусунун бир катар райондоруна чектөөлөр киргизилери айтылган.

Жогорку Соттун төрайымынын ыйгарым укуктарын токтотуп туруу боюнча президент Жогорку Кеңешке сунуш келтирди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан