Пекинде жарандарга аза күтүү тажыясына катышууга жана үйлөнүүгө убактылуу тыюу салынды

Коронавируска байланыштуу Пекинде тургундарга аза күтүү тажыясына катышууга жана үйлөнүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта эки учурда тең адамдар көп топтолгондуктан, вирустун жайылышына шарт түзүшү мүмкүн экендиги айтылган.

“Кытай бийлиги коронавирустун жайылышына бөгөт коюу жана алдын алуу иштерин аткаруу максатында жаштар үчүн маанилүү болгон дата, тагыраагы, 2020-жылдын 2-февралында (02.02.2020) үйлөнүүгө тыюу салды. Бул дата кытай тилинде “мен сени сүйөм” деген мааниге үндөш. Мындай дата 1000 жылда бир келгендиктен көпчүлүк болочок жубайлар бул датада үйлөнүүнү пландагандары айтылат. Мындан тышкары, Жаңы жыл майрамына карата жалпы өлкө боюнча өткөрүлүүчү ири иш-чаралар жана жарманкелер токтотулган”, - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны 170 адамга жетти. Ал эми вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 8000ге жакындап калганы белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан