Буга чейин Адил Абдурахимов аттуу бала Кыргыз-Тажик чек арасында жашаганын, ал жак кооптуу экенин айтып бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
12 жаштагы Адил Абдурахимов бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу баланын апасы Айзада Хамдамова менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Балам бүгүн президент менен жолугушат. Мен аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Кечээ Ысык-Көлдө болчу, бүгүн Бишкек шаарына келиптир. Баламдын максаты - чек арада коркпой, үй-бүлөсү менен коопсуз жашоо. Ал чырдан тажап, коркуп калган, ушуларды Жапаровго айтса керек", - деди Хамдамова.
Бул маалыматты тактоо үчүн президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек менен байланышканыбызда, ал бул маалыматты ырастады.
"Ооба, азыр Садыр Жапаров кичинекей Адилди күтүп жатат, алар азыр жолугушушат", - деди ал.
26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.
Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Адил Абдурахимов дал ошол камакта жаткан Эсен Мажитовдун тун уулу.