"Жарадар болгон жоокерге жардам керек деген калп, биз акча топтогон жокпуз" дейт чек ара чырында жарадар болгон жоокердин жакыны

Социалдык тармактарда 8-майдагы чек ара чырында жарадар болгон чек арачы С.у.М аттуу жарандын дарылануусу үчүн акча талап кылынганы кабарланууда.

Бирок жоокердин жакыны бул маалыматты четке кагат. Анын билдиришинче, мамлекет жараат алган жоокердин муктаждыктарын камсыздап жатат.

Жоокер 8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяда октон жаракат алган жана учурда ал Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жатат.

"Социалдык тармактарда таратылган маалымат туура эмес. Анткени биз каражат чогултуп жаткан жокпуз. Андай жарнамаларды ким жайгаштырганын да билбейбиз. Мамлекет зарыл болгон нерселердин бардыгын толук камсыз кылып жатат", - дейт жоокердин жакыны.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан