Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Тажик тарап кыргыз тараптын курулуш иштерин токтотуу боюнча кайрылуусун кабыл албастан, ишти уланта берген. 16-сентябрь күнү саат 19:20 чамасында Кыргыз жарандары футболдук аянтчага контейнер коюп баштаган. Болжолдуу саат 19:40 чамасында Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, тажик тарап биринчи болуп ок аткан. Ошондой эле Максат айылынын такталбаган жерде жайгашкан жашоочуларына да ок чыгарышкан. Андан кийин тажик тараптын чек арачылары Максат айылындагы чек ара постуна да ок аткан.
Мындан улам, Кыргыз тараптан бир аскер адамы каза болуп, 7 аскер адамы жана 6 айылдын жашоочулары ар кандай жаракаттарды алышкан.
Бул фактылар боюнча Лейлек РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алышкан. Ал эми 17-сентябрда Максат айылындагы мектептин имаратына жана турак үйлөргө атылган октор боюнча дагы кылмыш иши козголуп, "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.Тергөө ишинин көлөмү чоң болгондуктан, башкы прокурордун орун басарынын токтому менен мекеме аралык тергөө тобу тузүлдү. Ага Аскер прокуратурасынын, Баткен облустук гарнизонунун, Баткен ОИИБинин жана Лейлек РИИБинин кызматкерлери кирди. Учурда тергөөчүлөр тобу иштеп жатышат. Ошондой эле тергөөчүлөр Максат айылындагы мектептен жана үйлөрдөн далил буюм катары окторду алышкан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.