ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: Балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева төрөлгөн

1926-жылы 17-майда балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева төрөлгөн.

Кыргыз-совет балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган делинсе, кээ биринде 15-сентябрь деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнү менен окшоштуруп жаздырып койгон деп айтылат.
СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Бүбүсара Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 11-майда 47 жаш курагында каза болгон.
17-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан