Депутат Шайлообек Атазов: "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын эмгегин таразалаган убакыт келет"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар​​ долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов болду.

Анда депутат Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы боюнча пикирин айтты. "Жогорку Кеңешке ар кандай ат коюлган учурда биз жок болчубуз. Биз ошол коюлган аттарды жойгонго, жакшы аттарга алмаштырганга аракет кылып жатабыз. Депутаттарды түрдүү лакаптар менен сындап келишет. Бирок ошол депутаттар ЖЭБдеги, музейдеги коррупциялык иштерди ачып берип, тарыхый чечимдерди кабыл алышкан. Октябрда эл көтөрүлүп, бийлик алмашканда шайлоолорду өткөрүүгө мыйзамдарды кабыл алып беришкен. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын эмгегин таразалаган убакыт келет", - деди ал.

"Райымбек Матраимов менен ага-ини болгонума сыймыктанам" дейт депутат Шайлообек Атазов
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан