Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна маек берип жатып сын-пикирлерге көз карашы кандай экенин айтты.
"Убактымдын аздыгынан мурун деле гезит окучу эмесмин, телевизор дагы көрчү эмесмин. Ушак сөздөрдү такыр укпайм дагы. Интернетте мен жөнүндө жазылып жаткандарды карап да койбойм. Кээде кызым карап, мага айтып берет. Депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизгенде кызым ыйлап келиптир. Айта беришсин, биз өзүбүздүн ишибизди кылып жатабыз да дедим. Биринчилерден болуп мени дарыгерлер сындаш керек болчу", - деди ал.