Ош шаарында "Жылдын мыкты мугалими-2021" сынагын жеңген жаш мугалимдерге батир жана автоунаа белекке берилди

20-майда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында "Жылдын мыкты мугалими-2021" кароо сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мектеп мугалимдери катышканын шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Таалайбек Сарыбашов салтка айланган мыкты мугалим кароо сынагы мугалимдерге дем берип, стимул катары гана калыптанбастан, өздөрүнүн кесибин ардактап, балдарга билим берүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүүнү камтый тургандыгын билдирген.

“Мугалим бул - балдардын сүйүүсүнө ээ болгон инсан. Сиздер ушундай даражасы бийик адамсыздар. Ошондуктан сиздерге канчалык колдоо кылсак да аздык кылат. Быйылкы жылкы уюштурулуп жаткан кароо сынак чыгармачыл мугалимдердин демине дем, шыгына шык кошуп алдыга карай чоң шыктанууну жаратуу үчүн уюштурулду десем жаңылышпайм.

Себеби бул жолку сынак өзгөчө багытта уюштурулуп, мугалимдерге чыныгы мугалимдик кесип барктуу экендигине баа берүүчү сынак катары өткөрүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан сынакты туура, калыс өткөрүү үчүн атайын мектепти жакындан билген, мугалимдин иш-аракетин талдай ала турган кесипкөй адистерден калыстар тобу түзүлгөн. Сынакка катышкан ар бир талапкер өзүнүн аракетин, чыгармачылык дараметин, мыкты чеберчилигин жана өзүнүн чыгармачыл өнөрканасын көрсөтө алды деп ойлойм.

Ошондуктан бүгүнкү өткөрүлгөн сынакты да өз демилгебиз менен уюштуруп, жеңүүчүлөрдү татыктуу белектер менен сыйлоону чечтик. Бүгүнкү сиздер ала турган батир, автоунаа жана башка баалуу белектер демөөрчүлөр жана шаардык мэрия тарабынан берилүүдө. Андыктан бардык колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө чын дилден ыраазычылык билдирем”, - деген шаар башчысы Сарыбашов.

Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка 7 мугалим чыккан. Ош шаарынын мэри Сарыбашов демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектерди тапшырган. Сынактын баш байгесин утуп алган №52 Кыргыз-Түрк достугу мектебинин мугалими Ильгиз Шамырзаевге батир тапшырылганы маалымдалды.

"Батир "Эмаком" курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен берилди. 1-орунду Ломоносов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тил мугалими Капар Момуналиев алып, автоунаа белекке алды. Автоунаа “Визион” курулуш компаниясы тарабынан берилди. 2-орунду алган №5 мектебинин биология мугалими Айдана Кадыровага Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютер, түстүү принтер жана кир жуучу машина тапшырылды.

3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жана “робот чаң соргуч” берилди. 3-орунду №38 мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытова алган. Мындан тышкары "Карс" такси кызматы тарабынан 3 мугалимге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо тапшырылып, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, чаң соргуч жана смартфондор берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MDF
2021-05-20 19:00:56
Сонун белектер берилиптир,мугалимдерге стимул болуптур да.Мэрияга,спонсорлорго раазычылык.Талыкпай балдардын келечеги үчүн эмгек кылган мугалимдерге терең таазим
+3
Eden-Hazard
2021-05-20 21:46:50
Ильгиз байке куттуктайбыз... Таластан ким экенин билдиңиз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан