Дүйнө жүзүндө алгачкы учак АКШда 1903-жылы 17-декабрда бир тууган ага-инилер Орвил жана Уилбур Райт тарабынан курулуп, сыноо иштери жүргүзүлгөн. Учакка "Флайер-1" деген аталыш берилген. Алгач ал 36, 58 метр бийиктикке учуп, абада 12 секунд кармалып турган. Бул окуя 1903-жылы 17-декабрда Түндүк Каролина штатында болгон. Ал эми 1904-жылы 20-сентябрда ага-инилер учактын 39 чакырымга айлана боюнча учуу мүмкүнчүлүгүн жаратышкан.