Супер фактылар: Профессионал хоккейчилердин 70 пайызга жакыны карьерасында жок дегенде бир тишинен ажырайт

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Хоккей дүйнөдөгү эң популярдуу командалык спорттун бири. Анын маңызы муз талаасындагы оюнчулар коньки менен жылып, колдорунда таякчалар менен атаандашынын дарбазасына мүмкүн болушунча көп шайба киргизиши керек. Бул өтө кооптуу, бирок абдан укмуштуу жана кызыктуу оюн, бул спорттун күйөрмандары дүйнө жүзү боюнча бар, бирок алардын көбү түндүк өлкөлөрүндө, айрыкча Канадада.

- Кыязы, бул оюндун аты французча "hoquet" сөзүнөн келип чыккан, ал "койчунун таягы" дегенди билдирген.

- Хоккей футбол, баскетбол жана крикет менен бирге дүйнөдөгү эң популярдуу спорт оюндарынын бири.

- Биринчи профессионалдуу хоккей командасы 1904-жылы Канадада түзүлгөн.

- Дарбазага 18,3 метр аралыктан сокку узатканда шайбаны тосуп калууга дарбазачыда 0,45 секунд гана убакыт бар.

- Профессионал хоккейчилердин 70 пайызга жакыны карьерасында жок дегенде бир тишинен ажырайт.

- Күчтүү соккулар учурунда шайбанын учуу ылдамдыгы 193 километр/саатка жетет.

- Биринчи хоккей беттеши 1875-жылдын 3-мартында Монреалдагы "Виктория" муз тебүүчү аянтчада өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан