Бишкек шаары боюнча 7-июнга карата 21 миң 315 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
"Жалпы эмдөө башталгандан бери Бишкек шаары боюнча 21 миң 315 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 13 миң 41 жаран экинчи жолу эмдөө алды. 21 миң 315 адамдын ичинен:
2 миң 858 адам - медицина кызматкерлери;
882 адам - борбор шаарыбыздын мектептеринин мугалимдери;
1 миң 74 адам мамлекеттик кызматкерлер;
5 миң 362 адам - 65 жаштан жогорку жарандар;
384 адам күч структураларынын кызматкерлери;
10 миң 308 жаран калган категорияга кирген адамдар.
Алардын ичинен өнөкөт оорулар менен ооругандар 447 адамды түздү", - деп билдирди Шамырканова.