16-марттан баштап Кыргыз өлкөсүндөгү бардык билим берүү мекемелери 3 аптага карантинге жабылган болчу. "Эгерде карантиндин мөөнөтү узарып калса абал кандай болот? Балдар окуу программаларынан артта калбайбы?", - деген суроо бүгүн, 21-мартта өткөн онлайн-маалымат берүүдө берилди. Коронавируска байланыштуу билим берүү мекемелериндеги өзгөрүүлөр боюнча билим берүү министринин орун басары жооп берди. Жогорудагы суроого ал мындайча жооп берди.
"Карантин узарып кетсе дистанциялык режимде окутуу өткөрүлөт, окуу үзгүлтүккө учурабайт. Учурда бул модель иштелип чыкты. Аралыктан окутууга бардык окуучулар камтылыш керек. Өлкөдө 1 миллион 300 миң окуучу бар, бардык окуучулардын үйүндө интернет, ноутбук жок. Бул эске алынып, биз сабактарды телеканалдар аркылуу өтүүнү иштеп чыктык.
1-класстан 11-класска чейинки окуучуларга ЭлТР каналындагы "Илим булагы" берүүсү жана "Баластан" каналы аркылуу сабактар өткөрүлөт. Алдын ала расписание түзүлөт. Мугалимдерди алдын ала видеого жаздырып, ошол сабак аталган каналдар аркылуу көрсөтүлөт. Муну көрүүгө жетишпей калган окуучулар үчүн ютуб каналга ошол сабактар жүктөлөт.
Мындан тышкары атайын портал түзүлүп, ал жакка окуу программасы боюнча бардык сабактар киргизилет. Электрондук маалыматтарды, тесттер, китептер, суроолорго жооптор болот. Балдар телеканалдар аркылуу көргөн сабактарды кандай түшүнгөнүн ошол портал, видеоконференция системи аркылуу тактап, түшүнбөгөн суроолорго жооп алса болот.
Аралыктан окутуу максатында бардык аракеттер көрүлөт, учурда видеосабактарды өтө турган мугалимдер аныкталды, аларды видеого тартуу иштерине даярдыктар көрүлүп жатат", - деди министрдин орун басары.