Таласта Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 10-июнда Талас шаарынын Нуржанова аллеясында жайгашкан Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, орун басарлары, Талас шаарынын мэри, ишкана, уюмдардын жетекчилери катышышты.
"Касиеттүү Талас жерибизден тарыхый инсандар гана эмес, улутубуздун уңгу өзөгү болгон рух дүйнөбүздүн даңктуу адамы, кыргызды ааламга тааныткан залкар инсан Чыңгыз Айтматов чыккан.
Шекер айылында курулушу жүрүп жаткан "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушун аягына чыгаруу жалпыбыздын милдетибиз", - деди облус башчысы Бакытбек Нарбеков.
Быйыл залкар жазуучубуз тирүү болгондо 93 жашка чыкмак. Тилекке каршы, 2008-жылдын 10-июнунда 79 жаш курагында дүйнө салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан