"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси, алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төктү. Маалыматты SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-июнда Баляндын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат.
Буга чейин УКМК ишкер мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2 миллион 300 миң долларлык насыя алганын кабарлаган.
Ага карата 204-берене “алдамчылык” менен иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.