Супер фактылар: Бакыт министрлиги бар, конокторду тосо албаган Бутан өлкөсү

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Түштүк Азиядагы Бутан мамлекети тамеки сатууга тыюу салган дүйнөдөгү алгачкы өлкө. Сөзмө-сөз которгондо "Ажыдаардын өлкөсү" аталган бул мамлекетте Бакыт министрлиги бар. Эмесе, Бутан өлкөсү жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Бутан мамлекетинин расмий тили - дзонг-кэ (бхотия) тили болуп саналат. Мамлекет башчысы падыша. Кооздугу жана кереметтүү жаратылышы менен айырмаланган бул өлкө Кытай менен Индиянын ортосунда жайгашкан. 1994-жылга чейин туристтер үчүн жабык болгон. Туристтерге эшигин ачканы менен "конок тосо албаган" мамлекеттердин ичинен 3-орунда турат.

2. Бул өлкө тамеки өстүрүүгө жана аны жайылтууга дүйнө жүзүндө тыюу салган биринчи өлкөлөрдүн бири. Тамеки тартууну каалаган жарандар болсо, чет өлкөдөн өз алдынча сатып алууга тийиш жана мамлекетке салык төлөөгө мажбур болушат. Ал эми туристтер бул мамлекетке тамеки алып келүүнү каалаган болсо, анда Бутанга кирбей эле койгону жакшы. Себеби тамеки киргизгени үчүн өтө чоң суммадагы акча төлөөгө туура келет.

3. Бул өлкөдө 1999-жылга чейин теле көрсөтүүлөргө жана интернетке тыюу салынган. Бирок заманбап технологиялардан өлкөсүн коргой албасын түшүнгөн падыша жарандарына интернетти жана телевизорду колдонууга уруксат берген. Ошентсе да Бутан мамлекети дүйнө жүзүндө телевизорду акыркылардан болуп колдонгон мамлекет катары тарыхка атын жазды.

4. Бутанда калктын руханий дүйнөсүн байытуу максатында 2008-жылы адамдардын бактылуу болуусун көзөмөлдөөчү комиссия түзүлгөн. Ошондой эле жарандар каттоодон өтүп жатып, жашоосуна канчалык деңгээлде ыраазы экенин билдирүү үчүн атайын анкетаны толтурушат. Эң кызыгы, мамлекеттин улуттук саясатынын негизин калктын бактылуулугу түзгөндүктөн, бул өлкөдө Бакыт министрлиги бар. Мындайча айтканда, жашоо-шарттын деңгээли жарандардын материалдык жана руханий баалуулуктары менен өлчөнөт. Бутанда ошондой эле көчөдө жашаган адамдарды кезиктирбейсиң. Эгер Бутан мамлекетинин жаранынын үйү жок болсо, анда падышага кайрылуу жетиштүү. Падыша аларга дыйканчылык кылууга жана үй салууга ылайыктуу жерди өзү бөлүштүрүп берет. Ошондой эле бул мамлекетте медициналык кызмат бекер көрсөтүлөт. Бутанда элдик жана классикалык медицина кызматтары бар жана жарандар дарылоо ыкмасын өздөрү тандашат.

5. Дарак отургузуу, жаныбарларга кам көрүүдө Бутанга эч бир мамлекет тең келе албайт. Мисалы 2005-жылы дарак отургузуу боюнча дүйнөлүк рекордду дал ушул мамлекет койгон. Алар бир сааттын ичинде 50 миң көчөт отургузушкан.

6. Бутанда калктын басымдуу бөлүгү буддисттер болуп саналат. Дүйнөдөгү эң чоң Будданын айкели дагы ушул мамлекетте жайгашкан. Ошол себептен ашканасында эт сейрек кездешип, көбүнчө жашылча-жемиштер менен азыктанышат. Тамак-ашы көбүнчө күрүчтөн жасалат. Кадимки биз колдонгон күрүч тоолуу аймакта өспөгөндүктөн, бутандыктар катуу жана даамы менен өзгөчөлөнгөн кызыл күрүч эгишет. Ашканасынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – чай ичүү салты болуп саналат. Бутан эли көбүнчө көк жана кара чайга басым жасашат. Алар чайга шекердин ордуна туз, калемпир же болбосо каймак кошуп ичишет.

7. Бутанда аялдарга дайыма сый-урмат көрсөтүлүп, аларга өзгөчө мамиле жасалат. Буга мисал, атанын бардык мурасы уулуна эмес, улуу кызына өтөт. Мисалы, үй жана жер үлүштөрү, мал-жандыктарынын баары кызынын атына жазылып, тунгуч кызы ээлик кылат.

8. Бутанда чет элдин жарандар менен никелешүүгө тыюу салынган. Ал эми болочок түгөйлөрдүн руханий жактан бир бүтүндүккө айлануусу үчүн никелешүү монах тарабынан ишке ашат. Жаш жубайлар бир топ ритуалдардан өткөндөн кийин гана үй-бүлө болуп саналышат. Баса, көбүнчө нике кыйылгандан кийин күйөө бала жубайынын үйүнө көчүп барат. Ал жетиштүү каражат тапканга чейин, кайын журтунда жашап турса болот. Ошондой эле бул мамлекетте расмий түрдө беш аял алууга уруксат берилген. Ал үчүн биринчи жубайынан уруксат алуусу шарт болуп эсептелинет.

9. Бутандын борбор шаарынан жол чырактарын көрүүгө мүмкүн эмес. Бирок бул көрүнүш коомдук тартипти бузбайт жана эч кандай көйгөй жаратпайт. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер жолдун так ортосунан орун алып, атайын белгилер менен жөө жүргүнчүлөрдү жана унааларды көзөмөлдөп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2021-06-18 10:28:22
Кызык экен.
+3
Egizderim-baktim
2021-06-19 14:26:34
Калкынын саны жазылбаптыргоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан