Түркиянын Анкара шаарында тазалык кызматкерлери таштандынын арасынан чогулган 5 миң китеби бар китепкана ачышкан. Жаңы китепкана кароосуз калган кирпич заводунда ачылып, анын негизги окурмандары шаардын таштанды тазалоочулары. Мындан сырткары китепканага жакын жайгашкан мектеп окуучулары дагы каттап турушат.
Ыргытылган китептердин баалуулугун билген тазалык жумушчулары аларды кайра иштетүү үчүн жөнөтүүнү туура көрүшкөн эмес. Алар китептердин дагы да "өмүр" сүрүшүн, адамдардын сабаттуулугунун жоюлушуна жардам беришин каалашып, биргеликте китепкана ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.
"Биз чогулткан китептер бирөө үчүн баасы жок болсо, башкасына сөзсүз керек", - дешкен тазалык кызматкерлери.
Китептерге "өмүр" берген таштанды чогултуучулар бир жылга жакын убакытта 5 миңдей китеп чогултушкан. Китептер француз жана англис тилинде болуп, арасында "Гарри Поттерден" баштап, Чарльз Диккенстин романдары да табылган.
Китепкана эртең менен ачылып 17:30га чейин бардык каалоочулар үчүн эшиги ачык болсо, ал эми 700 тазалык жумушчулары үчүн 24 саат бою ачык. Китепти ал жерде окуп, кааласа бир-эки апта үйүнө алып кетсе болот.