Супер фактылар: Криштиану Роналду XXI кылымда миңден ашык оюн өткөргөн жалгыз футболчу. Алдыңкы ондукта кимдер? (тизме)

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду XXI кылымда миңден ашык оюн өткөргөн жалгыз футболчу. Бул тууралуу Эл аралык футбол тарыхы жана статистика федерациясы билдирген.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Криштиану Роналду талаага 1047 жолу чыккан. Рейтингде экинчи орунда "Реал Мадрид" клубунун жана Испания курама командасынын экс-дарбазачысы Икер Касильяс турат. Дарбазачы XXI кылымда 974 беттеш өткөргөн. Ал эми үчүнчү орунда "Сан-Паулу" клубунун коргоочусу Дани Алвес турат. Ал XXI кылымда бардык 969 жолу оюн талаасына чыккан.

Алдыңкы ондукка кирген футболчулар:

4. Хави - 932 оюн;

5. Ясухито Эндо - 909 оюн;

6. Златан Ибрагимович - 907 оюн;

7. Рожерио Сени - 904 оюн;

8. Лионель Месси - 902 оюн;

9. Жанлуиджи Буффон - 852;

10. Хавьер Занетти - 717 жолу оюн талаасына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан