Орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко иниси Александр Емельяненко менен сүйлөшпөй калганын айтты

Орусиялык оор салмактагы ММА мушкери Фёдор Емельяненко иниси Александр менен болгон мамилеси жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Мушкер бир туугандар бир нече жылдан бери байланыша элек.

"Албетте, болуп жаткан окуялар мен үчүн жагымсыз. Үй-бүлөдө мындай мамиле болбошу керек. Бул менин ачуумду келтирет. Балким, келечекте Жаратканыбыз бул абалды өзгөртүп, мамилебизди башкача кылат деп үмүттөнөм. Бирок бүгүнкү күндө биздин мамиленин кандай болуп өзгөрүшүн көрө албай жатам", - деген Емельяненко.

Эки бир туугандын ортосундагы чыр-чатак 2017-жылдан бери болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-07-17 22:32:32
Хабиб ортого тушуп жараштырып койсо болмок экен
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан