Кыргызстанда пенсионерлердин саны 1-ноябрга карата 826 миң адамга жетти. Акыркы төрт жылда алардын саны 100 миңге көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Биринчи радиого" билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө 400 миң пенсионер болгон. Акыркы жылдары пенсионерлердин санынын өсүшүнө пенсиялык реформа алкагында киргизилген өзгөртүүлөр да таасир эткен.
Тактап айтканда, мурда аялдар үчүн 20 жыл, эркектер үчүн 25 жыл эмгек стажы талап кылынса, реформа алкагында минималдуу стаж 5 жылга чейин кыскартылган.
"Көп учурда жарандардын эмгек стажы жетпей калып, пенсияга чыга албай же аз өлчөмдө пенсия алып калышчу. Стажды кыскарткандан кийин мындай жарандарга да пенсия алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Анын эсебинен пенсионерлердин саны көбөйүп жатат",- деди Алиев.
Ошондой эле ал пенсиялык реформанын биринчи этабы үч жылга созулганын жана анын алкагында жалпы 11 өзгөртүү киргизилгенин кошумчалады. Аталган өзгөртүүлөр пенсияга чыгуу шарттарын жеңилдетүүгө жана пенсионерлердин жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.