"Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматов жана Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков алдыдагы Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого биргелешип катышууну чечишти. Бул тууралуу Артур Медетбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Эскерте кетсек, Мелисбек Мырзакматов Ош шаарынын экс-мэри. Ал эми Артур Медетбеков мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.