
"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары бирикти. Бул тууралуу
Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын жазганына ылайык, эки патрия парламенттик шайлоого катышуу үчүн биригишкен.
"Ынтымак" партиясынын жетекчиси Марлен Маматалиев менен "Келечек" партиясынын лидери Чыңгыз Макешов бирикме кыргыз элине бакубат турмушуна багытталган экономикалык реформаларды жүргүзө турганын белгилешти.
Биз, жаш депутаттар, экономикалык секирик жасап, Кыргыз өлкөсүн жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн бириктик" деп жазып калтырган Түлөбаев.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.