SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков болду.
"Жогорку Сот сизге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Сиз коюлган айыптарды буга чейин куугунтук катары баалап, “мага каршы жалаа жаап, ак жеримден каралагандар менден корккондор деп ойлойм” деп билдиргенсиз. Ошол учурда бийликтегилер сизден эмне үчүн коркту деп ойлойсуз?" деген суроо берилди.
"Эмнеге корккону боюнча суроону аларга бериш керек го. Жалган жалааны бир гана мага эмес, "Ата-Журт" партиясын алсыздандыруу үчүн 17 депутатка иш козголгон. Анын ичинен 7-8и түрмөгө камалган. Ал кезде чындыкка жете алган эмеспиз. Ошол мезгилдеги мыйзам иретинде кандай күч-аракет болбосун, анын баары четке кагылган. Жакын арада Жогорку Сот мага карата чыгарылган чечимдерди жокко чыгарды. Бул бүгүнкү күндөгү сот системасынын өзгөрүлгөнү, жакшы тарапка кетип жатканынан кабар берет. Мыйзамдын шартында арыз жазып, ушундай өкүм чыкканы сүйүндүрөт. Саясатчылар эле эмес, миңдеген адам соттошуп жүрөт. Сот системасы жаңылануу, мыйзам чегинде иштөөгө кадам таштады", - дейт Келдибеков.