17-октябрда Орусиянын Сочи шаарында "AMC Fight Nights 105" турнири өтүп, анда белгилүү мушкерлер Магомед Исмаилов менен Владимир Минеев кез келип, Минеев беттештин үчүнчү бөлүгүндө Исмаиловду техникалык нокаутка учуратты.
Дал ушул беттеште атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Магомед Исмаиловго жан тартып, ал техникалык нокаутка учурагандан кийинки реакциясынын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Бул эки мушкердин экинчи беттеши. Эки мушкер биринчи жолу 2018-жылдын октябрь айында кез келип, беттеш тең чыгуу менен аяктаган.
31 жаштагы Минеев карьерасында жалпы 18 беттеш өткөрүп, анын 16сында жеңишке жетип, бир жолу жеңилген. 35 жаштагы Исмаилов жалпы 21 беттеш өткөрүп 17синде жеңип, үчөөндө жеңилген.
Беттештен кийин Магомед Исмаилов үчүнчү беттеш өткөрүүгө даяр экенин билдирген.