Бүгүн, 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Анда "Багыт" Кыргызстан либерал-демократиялык партиясынын" бир талапкери тизмеден чыгаруу маселеси каралды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сакура Махмутова аталган партиянын тизмесинен чыгарылды. БШКнын мүчөлөрү бул маселени бир добуштан кабыл алышты.